Загрузка документа…
ЖАҢЫ ЖОЛ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-марты №2
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу “ДЕКО” муниципалдык ишканасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Жаңы-Жол айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жаңы-Жол айылдык Кенешинин экономика, план, бюджет маселелери, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, инвестиция тартуу, энергетика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 19-матрындагы № 3 чечими эске алынсын.
2. Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу “ДЕКО” муниципалдык ишканасынын 2018-жылы аткарган иши тууралуу маалыматы кабыл алынсын
3. “ДЕКО” муниципалдык ишканасынын 2019-жылга план-бюджети кабыл алынсын.
4. “ДЕКО” муниципалдык ишканасынын жумушчуларынын айлык маяна тарификациясы көбөйтүлгөн коефициенттин негизинде кабыл алынсын (Тарификация тиркелет).
5. “ДЕКО” муниципалдык ишканасынын жеке ишкерлерге катуу тиричилик таштандыларды чыгаруудагы көрсөткөн кызмат акысы “1-кубу 300 сом”- деп бекитилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.
7. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Өзүбеков |