Загрузка документа…
ЖАҢЫ ЖОЛ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-марты №4
Кызыл-Туу айылындагы жаңы көчөгө Ногоева Мариянын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Жаңы-Жол айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жаңы-Жол айылдык Кенешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 19-матрындагы № 1 чечими эске алынсын .
2. Кызыл-Туу айылындагы Б.Орозбеков көчөсү менен кесилишкен аты жок эки тупик көчөлөрүнө маркум Ногоева Мариянын ысымы ыйгарылсын.
3. Ногоева Мариянын ысымы коюлган көчөнүн тазалыгына, ирээттүүлүгүнө, архитектуралык талабына жооп берүүсү, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жагы маркумдун үй-бүлөө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Өзүбеков |