Загрузка документа…
ЖАҢЫ ЖОЛ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-марты №9
Жаңы-Жол айыл аймагындагы ФПС жерлери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Жаңы-Жол айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айылдык Кенешинин “Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 22-февралындагы № 7 чечими эске алынсын (Чечим тиркелет).
2. Жаңы-Жол айыл аймагында бошогон ФПСтин жерлери аукцион аркылуу 5-жылга ижарага берилсин.
3. Жаңы-Жол айыл аймагындагы бошогон ФПСтин жерлеринин 20 пайызын жакыр, өтө муктаж үй-бүлөлөргө жана мектеп, бала-бакчаларга, афган согушунун жана Чернобыль апаатынын ардагерлерине түз берүү жолу менен берилсин.
4. Жаңы-Жол айыл аймагындагы “Жаманкыз”, “Жолдун алды”, “Чочко сарай” участкаларындагы суу чыкпагандыгына байланыштуу түз берүү жолу менен берилсин.
5. Жаңы-Жол айыл аймагындагы ижарага алынган бактардын ижара акыларын эки эсеге көбөйтүлүп бекитилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.
7. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Өзүбеков |