Загрузка документа…
ЖАҢЫ ЖОЛ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-майы №1
2019-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүңдө
2019-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсү жана Жаны-Жол айылдык Кеңешинин “Экономика бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 22-май айындагы № 2 чечимин угуп жана талкуулап Айылдык Кеңештин VII чакырылыштагы кезексиз ХХVI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Жаңы- Жол айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебине Токтогул районунун жана Кара- Көл щаарынын Жазы- Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик мекемесинин Байкоочу Кеңеши тарабынын колдоого алынган 2019 –жылдагы сунуштар боюнча; Жаны-Жол айыл өкмөтүндөгү техникалар токтоочу жайдын курулушун толук бүткөрүү үчүн 600,0 миң (алты жүз миң) сом, Жайыт комитетине АРИС долбоору аркылуу келген прессподборщиктин өздүк салымы үчүн 200,0 миң ( эки жүз миң) сом, Арал айылына, Ош- Бишкек трассасынын жээгин жарыктандыруу системаларын орнотуу ишин баштоо үчүн 150,0 миң(бир жүз элүү миң), Бала-Чычкан айылындагы “Иманбаев орто мектебинин ашканасы Бүткүл дүйнөлүк азык -түлүк программасынын негизинде, ашкана эмеректери жана ун продукциясы менен камсыз кылуу долбооруна өткөндүктөн, талапка ылайык ашкананы жана ашкананын кошумча бөлмөлөрүн кезектеги ремонттоо үчүн 150,0 миң (бир жүз элүү миң) сом түшкөн. Жалпы сумма 1100,0 мин (бир миллион бир жүз ) сом.
3. Атайын каражат эсебине түшкөн 1100000 сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин.
Раздел аппарат 70111 Статья 31112290 600,0 мин сом
Статья 31122220 200,0 миң сом
Статья 31113290 150.0 миң сом
Статья 22211100 150,0 миң сом
4. Жаңы- Жол айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылындагы эски ФАПтын имаратын бала бакчага озгортуп куруу боюнча дем беруучу грантка долбоор жазылып акча каражаты бөлүнгөн. Өздүк салым үчүн бала бакча разделинде 31112390 статьясына 523 530 сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал эми аппарат разделинин аркандай чыгымдар статьясында инжинердик кызмат үчүн 70,0 мин сом ПСД жасатуу үчүн 102,4сом акча каражаты сметага коюлган. Жалпы 695,9 миң акча каражаты раздел 70911 31112390 статьясына топтоп көрсөтүш үчүн:
Раздел 70911, 31112390 статьясына раздел 70111,
22151200 статьясынан 70,0 миң сом,
22154900 статьясынан 102,4 миң сом
жалпы 172,4миң сом акча каражаты жылдырылсын.
5. Жогоруда жаңыдан статьяларга каралган акча каражатын КР Финансы Министрлигинин Токтогул башкармалыгынын начальниги О.Солпуевге кат менен кайрылуу жана туура пайдаланып, аткарылышын камсыз кылуу жагы ФЭБ башчысы Ч.Култаева милдеттендирилсин.
6. Бул токтом www. Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Өзүбеков |