Загрузка документа…
Боз-Учук айылдык кеӊеши
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-июну № 19
Ново-Вознесеновка айылынын Кыргызстан көчөсүндө жайгашкан М.Жусуповго таандык чарба магазини жайгашкан короонун 20 кв.м. кампа бөлүгүн өз макулдугу менен муниципалдык менчикке өткөрүп алууну өтүнгөн кайрылуусун карап жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесине ылайык айылдык кенеш бул маселе боюнча депутаттардын ойлорун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М.М.Жусуповго таандык чарба магазини жайгашкан короонун 20 кв.м. кампанын бөлүгүн муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн жер тилкесин талапка ылайык пайдаланууга донор уюмдарын тартуу менен иш жүргүзүү айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыттар комитетине тапшырылсын.
3. М.М.Жусуповго таандык чарба магазини жайгашкан короонун 20 кв.м. кампанын бөлүгүн Ново-Вознесеновка айылынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу иштерин жүргүзүү Боз-Учук айыл өкмөтүнүн аппаратына тапшырылсын.
4. 20 кв.м. кампанын бөлүгү айыл өкмөтүнүн балансына алынсын, муниципалдык менчик реестрге киргизилип билдирүү жасалсын.
5. АРИС борборуна тиешелүү документтердин көчүрмөсү жиберилсин.
6. Тиешелүү иштерди жана юридикалык документтерин бүткөрүү жагы Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейлибаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Узакпаев |