Загрузка документа…
ЖАҢЫ ЖОЛ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01-августу №4
Жаңы-Жол айыл аймагындагы Кызыл-Туу айылынын тургуну Т. Мүлкүбатовдун арызы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Жаңы-Жол айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жаңы-Жол айылдык Кенешинин “Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 25-июль айындагы № 9 чечими эске алынсын.
2. Кызыл-Туу айылынын тургуну Т. Мүлкүбатовдун Жаңы-Жол айыл өкмөтү тарабынан 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 162 Токтомунун негизинде 10 жылдык ижарага берилген жери боюнча арызын кароо жагы Токтогул райондук мамлекеттик админситрациясынын алдындагы жер маселелери боюнча комиссиясына сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссияга сунушталсын.
4. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Өзүбеков |