Загрузка документа…
ЖАҢЫ ЖОЛ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01-августу №5
Жаңы-Жол айыл аймагындагы Жаңы-Жол айылындагы ОсОО “Фиделите Контракшн” га тиешелүү жер семирткичтерди сактоочу жайга мал базар курууга багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Жаңы-Жол айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жаңы-Жол Кенешинин “Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 25-июль айындагы № 9 чечими эске алынсын.
2. Жаңы-Жол айыл аймагындагы Жаңы-Жол айылындагыОсОО “Фиделите Контракшн” га тиешелүү жер семирткичтерди сактоочу жайдын багыты “мал базар”-деп өзгөртүлсүн.
3. Жаңы-Жол айылынын ген планындагы курула турган мал базардын айланасындагы көчөлөрдүн жолдоруна өзгөртүү киргизип схематикалык планын даярдоо жагы Тотогул районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кулуу жагы туруктуу комиссияга сунушталсын.
5. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Өзүбеков |