Загрузка документа…
ЖАҢЫ ЖОЛ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01-августу №6
“Деко” муниципалдык ишканасына техника сатып алуу жөнүндө
Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамына таянып Жаны-Жол айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жаңы-Жол айылдык кенешинин экономика, план бюджет маселелери, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, инвестиция тартуу, энергетика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясынын 29.07.2019 -жылдын №11 чечиминин негизинде “Деко” муниципалдык ишанасынына ГАЗ-53 техникасын сатып алууда максатталган долобоордук сунушу бекитилсин.
2. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын (тартылган каражатын 1182000 сом) 15% 177000 сом. Долбоор ишке ашып калса жергиликтүү бюджетен каржылоо жагы бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч.Култаевага милдетендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Жаңы-Жол айылдык кенешинин туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
5. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Өзүбеков |