Загрузка документа…
ЖАҢЫ ЖОЛ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-октябры №2
Токтогул шаарынын мэрисынын кайрылуу катын кароо жөнүндө
Жаңы-Жол айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 16-октябрындагы № 11 чечими эске алынсын.
2. Токтогул шаарын жана шаарга жанаша жайгашкан Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Бала-Чычкан, Жаңы-Жол, Кызыл-Туу айылдырын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында, Бала-Чычкан айылынын түндүк тарабындагы “Нооман” участкасында жайгашкан суу башатынан “Каракаш” участкасы аркылуу Токтогул шаарынын чек арасына чейинки узуну 6000 метр, туурасы 4 метр жалпы 2,4 га жана “Каракаш” участкасындагы каналдын үстүндө жайгашкан резервуарга 0,80 га жер аянты Токтогул шаарынын суу канал ишканасына оперативдүү башкаруусуна бекитилип берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиянын курамына жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Өзүбеков |