Загрузка документа…
ЖАҢЫ ЖОЛ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-октябры №5
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Үч-Чат участкасынынын “Терс” жайлоосуна кеткен автомобил жолуна жана “Терс” жайлоосундагы көпүрөгө маркум Барипиев Абдувалынын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Жаңы-Жол айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жаңы-Жол айылдык Кенешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 21-октябрь айындагы № 4 чечими эске алынсын.
2. Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Үч-Чат участкасынынын “Терс” жайлоосуна кеткен автомобил жолуна жана “Терс” жайлоосундагы көпүрөгө маркум Барипиев Абдувалынын ысымы ыйгарылсын.
3. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Өзүбеков |