Загрузка документа…
ЖАҢЫ ЖОЛ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-октябры №8
Арал айылынын тургуну Сарпашова Алчагүлгө Ардактуу атуул наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Жаңы-Жол айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жаңы-Жол айылдык Кенешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 21-октябрь айындагы № 4 чечими эске алынсын.
2. Арал айылынын тургуну Сарпашова АлчагүлгөЖаңы-Жол айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамы ыйгарылсын.
3. Ардактуу атуул наамын салтанатуу чогулушта тапшырууну уюштуруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Тойгонбаевге сунушталсын.
4. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Өзүбеков |