Загрузка документа…
ЖАҢЫ ЖОЛ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-октябры №9
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн 2019-жылы кабыл алган жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
же кошумча статьялар боюнча кабыл алуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч.Култаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Айылдык Кенештин VII чакырылышынын кезектеги XXIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч.Култаеванын билдирүүсү эске алынсын.
2. Кошумча каражат 2019- жылдагы белгиленген пландан ашыкча аткарылган жергиликтүү бюджетке түшкөн кирешелердин эсебинен төлөнсүн.
Ыктыярдуу патент салыгы - 4400 сом
Физикалык жер салыгы - 79900 сом
Юридикалык жер салыгы - 31500 сом
Айыл чарбасына багытталбаган жер салыгы - 350600 сом
Транспорт салыгы - 25700 сом
Кыймылсыз мүлк салыгы - 2100 сом
Сатуудан салык - 231900 сом
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия - 260900 сом
Калк жашаган жерден аренда - 42300 сом
Рояльти - 20900 сом
Бардыгы 1050200 сом
3. Жергиликтүү бюджетке кошумча тушкон 1050200 сом акча каражаты төмөндөгү разделдерге статьялар боюнча 2019-жылы IV кварталына киргизилсин.
Раздел аппарат
Айлык акы 21111100- 550000 (беш жуз элүү миң) сом
Соц фонд 17,25% 21211100 -212000 (эки жүз он эки миң) сом
Раздел орто мектеп
Электр энергия 22311200 - 50000 (элүү миң) сом
Бардыгы 812000 (сегиз жуз он эки миң) сом
4. Жергиликтүү бюджеттин атайын каражат эсебине «Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинин Байкоочу Кенеши тарабынан колдоого алынган 2019-жылдагы сунуштар боюнча Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылынын ЛОП учаскасынын жашоочуларына электр трансформаторун койдуруу үчүн түшкөн 287200 сом акча каражатын
Раздел аппарат статья 31122290 287200 (эки жуз сексен жети миң эки жүз) сом
Кызыл Туу айылындагы “Балалык” балдар бакчасына кошумча тайпа ачылгандыгына байланыштуу 30 балага ата энелик взностук төлөмдөрү үчүн Раздел бала бакча статья 22181100 130000 (бир жүз отуз миң) сом каралсын.
5. Жергиликтүү бюджеттин атайын каражат эсебине “Жергиликтүү деңгелде кызмат көрсөтүүлөрдү жакщыртуу” долбоорун ишке ашыруу максатында дараметти жогорулатуу гранты (ДЖГ) 23710 сом түшкөн. Бул 23710 сом акча каражаты төмөндөгү статьяларга каралсын
Раздел аппарат статья 22111100 6900 (алты миң тогуз жуз) сом
22154900 4000 (төрт миң сом) сом
22181100 11500 (он бир миң беш жүз) сом
22221200 1310 (бир миң үч жүз он ) сом
Жалпы 23710 (жыйырма үч миң жети жүз он) сом
Жогорудагы бөлүнгөн акча каражатты сметага кошумча киргизүү боюнча КР Финансы Министрлигинин Токтогул башкармалыгынын начальниги О.С.Солпуевге өтүнүч кат менен кайрылуу жагы айыл өкмөт башчысы Э.Тойгонбаевге жана бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы ФЭБ башчысы Ч.Култаева милдеттендирилсин.
7. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8. Бул токтом www. janyjol.com сайтына жарыялаган күндөн баштап күчүнө кирет.
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Өзүбеков |