Загрузка документа…
ЖАҢЫ ЖОЛ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-октябры №10
Мекемени каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүңдө” жана “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде, Жаңы-Жол айылдык кеңешинин Регламентин талкулоонун негизинде Жаңы-Жол айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылдык кеңеши” мекемеси мамлекеттик катоодон өткөрүлсүн (мындан ары мекеме).
2. Мекеменин толук фирмалык аталышы: Мамлекеттик тилде: Жаңы-Жол айыл аймагынын “Жаңы-Жол айылдык кеңеши”-мекемеси;
Расмий тилде: Учреждение “Жаңы-Жолский айылный кенеш” Жаңы-Жолского айылного аймака.
3. Мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Жаңы-Жол айылы, Бекмырза-Ата көчөсү №1.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагын өзүмө калтырамын.
5. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Өзүбеков |