Загрузка документа…
ЖАҢЫ ЖОЛ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-октябры №11
Жаңы-Жол айыл аймагынын муниципалдык токойлорду башкаруу планы менен инвестициялык долборлоо сунушу жана каржылоого сунушталган “Тегерек” участкасын бекитүү жөнүндө
Дүйнөлүк Банк жана Глобалдык Экологиялдык фонд аркылуу каржылануучу Кыргыз Республикасында токой экосистемаларын интеграциялык башкаруу долбоорунун алкагында Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн деградацияга учураган муниципалдык токойлорун калыбына келтирүү жана аянтын кеңейтүү долбоорун түзүүдө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамына таянып Жаны-Жол айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жаңы-Жол айыл аймагынын муниципалдык токойлорду башкаруу планы менен инвестициялык долборлоо сунушу жана каржылоого сунушталган “Тегерек” участкасын бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге жүктөлсүн.
3. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Өзүбеков |