Загрузка документа…
ЖАҢЫ ЖОЛ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-ноябры №11
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башкаруусу алдындагы “Булак-Суу” муниципалдык ишканасы жөнүндө
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башкаруусу алдындагы “Булак-Суу” муниципалдык ишканасынын Жаңы-Жол айыл аймагындагы ичүүчү таза суу пайдалануучу абоненттерин тейлөө боюнча айылдык кенештин VII чакырылышынын кезексиз XXХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айылдык ичүүчү таза суу системасын пайдалануунун эрежеси боюнча Жобо бекитилсин.
2. Жаңы-Жол айыл аймагындагы турак-жай жана объектилерди таза суу менен камсыз кылуу түйүн кошуу үчүн капиталдык курулуштун техникалык шарттарын берүү Жобосу бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасындагы техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик –техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежеси бекитилсин.
4. Техникалык шарттардын үлгүсү бекитилсин.
5. Таза суу менен камсыз кылуу кызматы боюнча типтүү келишими бекитилсин.
6. Бул токтом www. Jany-jol.com сайтына жарыялаган күндөн баштап күчүнө кирет.
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Өзүбеков |