Загрузка документа…
КАРА КОЮН АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
.2019-жылдын 21-ноябры №1
Айыл өкмөттүн 2019-жылга карата каралган бюджетинен үнөм болгон акча каражатын пайдаланууга карата өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн 2019-жылга карата каралган бюджетинен үнөм болгон акча каражатын пайдаланууга карата өзгөртүү киргизүү тууралуу талкуулап чыгып айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн 2019-жылга карата каралган бюджетинен үнөм болгон 1млн 168миң 300сом төмөндөгүдөй максатта жумшалсын;
-Айыл өкмөттүн конторуна Интернет киргизүүгө 49миң 600сом
-Айыл ичине жазалып келген жол белгилерине столба алууга 11миң сом
-Кызыл-Туу бала-бакчага долбоор аркылуу келүүчү
эмеректерге өздүк салым үчүн 120миң сом
-Кызыл-Туу айылына ички көпүрөөлөрдү салууга
Кольцо, цемент алууга 43миң 600сом
-Кызыл-Туу жана Кара-Булуң айылдарынын
«Ыр-Кесе» сынагынын жыйынтыгын чыгарууга 120миң сом
-Кызыл-Туу айылынын Керималиев мектебине меш алууга 300миң сом
-Кызыл-Туу айылынын Керималиев мектебине мугалимдер
Кеңсесине мебель алууга 120миң сом
-Кызыл-Туу айылынын айланасындагы мусорлорду чыгарууга 247миң 600сом
-Кара-Булуң китепканасына түстүү принтер жана жылыткыч
Алууга 26миң сом
-Кара-Булуң ФАПка меш алууга 25миң сом
-Кара-Булуң айылынын көчөлөрүнүн таза суу системасына
Керектелүүчү материалдарды алууга 105миң 500сом
Жалпысы: 1млн 168миң 300сом
2.Жогорудагы бөлүнгөн акча каражатын өз багытында пайдалануу жагы ФЭБ башчы Ф.Токушевага жана айыл өкмөт башчы К.Бегалиевге жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө, төрага Б.Айыповго калтырылсын.
Төрага: | Б. Айыпов |