Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры. №27/5
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн №8115 Кара-Дөбө шайлоо участкасынан шайлоочуларды №8176 Кожо шайлоо участкасынын шайлоочуларына кошуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн №8115 Кара-Дөбө шайлоо участкасында шайлоочулардын саны көбөйүп кеткендигине байланыштуу Кожо участкасына жакын жайгашкан Кара-Дөбө айылынын Турусбеков көчөсүнүн №1 үйүнөн баштап №44 үйүнө чейин, Интернациональная көчөсүнүн №1 үйүнөн баштап №32 үйүнө чейин, Набережная көчөсүнүн №1 үйүнөн баштап №51 үйүнө чейин, Т.Айбашева көчөсүнүн №1 үйүнөн баштап №40 үйүнө чейин, Токтогул көчөсүнүн №1 үйүнөн баштап №15 үйүнө чейинки шайлоочулары №8176 Кожо шайлоо участкасынын шайлоочуларына кошулсун.
2. Токтомдун негизинде сунуш даярдап Кадамжай райондук аймактык шайлоо комиссиясына жиберүү жагы жооптуу катчы Надирова Фазидага жүктөлсүн.
А.Масалиев айылдык кеңешинин төрагасы: | С. Абдурахманов |