Загрузка документа…
АК САЙ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-сентябры №23
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылындагы жана Керме-Тоо участкасындагы насосторду, скважиналарды мамлекеттин балансына өткөрүү маселесин кароо жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылындагы жана Керме-Тоо участкасындагы жашаган элдердин жашоо шартын, муктаждыктарын эске алып Үч-Дөбө айылындагы 55кВт 1(бир) даана насос, Керме-Тоо участкасындагы 75кВт 1(бир) даана насос жана 2(эки) даана 30кВт скважиналарды, мамлекеттин балансына өткөрүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылындагы 55кВт 1(бир) даана насос, Керме-Тоо участкасындагы 75кВт 1(бир) даана насос жана 30кВт 2(эки даана) скважина мамлекеттин балансына бардык жабдыктары менен өткөрүлүп берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровго милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода байланышы, энергетика, суу менен камсыздоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Талиев |