Загрузка документа…
АК САЙ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-сентябры №24
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн, Баткен райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын ортосундагы типтүү келишимин бекитип берүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн, Баткен райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын ортосундагы типтүү келишимин бекитип берүү жөнүндө, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Д.Тешебаевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ак-Сай айыл өкмөтү менен Баткен райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын ортосундагы түзүлгөн келишими бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан өткөрүлүп берилүүчү, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн, айыл өкмөтүнүн штаттык тизмесинен 1 (бир) штат бирдиги башкы адис бөлүнсүн.
3. Өткөрүлүп берилүүчү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга кеткен чыгымдар Республикалык бюджеттен бөлүнүүчү трансферттердин эсебинен каржылана тургандыгы белгиленсин.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Талиев |