Загрузка документа…
АК САЙ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-сентябры №25
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Мин-Булак айылындагы көчөлөргө Раззаков Исхак Раззакович жана Масалиев Абсамат Масалиевичтин аттарын бекитүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Анаров Саатбектин билдирүүсүн жана Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Мин-Булак айылында жашаган элдердин кайрылууларын жана сунуштарын карап чыгып, Мин-Булак айылынын көчөлөрүнө Раззаков Исхак Раззакович жана Масалиев Абсамат Масалиевичтин аттарын бекитип берүү максатында, Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын өнугушунө жана мамлекет болуп калыптанышына өзүнүн зор салымын кошкон мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Раззаков Исхак Раззакович, Масалиев Абсамат Масалиевичтин аттары Мин-Булак айылындагы көчөлөргө коюлууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Талиев |