Загрузка документа…
АК САЙ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11- ноябры №26
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылындагы жана Керме-Тоо участкасындагы эки насостук бекетин, бир скважинасын айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылында жана Керме-Тоо участкасында жашаган жарандарга суугат сууну өз убагында камсыз кылуу максатында, Үч-Дөбө айылындагы жана Керме-Тоо участкасындагы эки насостук бекетин, бир скважинасын айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу максатында, Ак-Сай айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылында жана Керме-Тоо участкасында жайгашкан 2 (эки) насостук бекети, 1 (бир) скважина бардык жабдыктары менен айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
2. Керектүү болгон иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Талиев |