Загрузка документа…
АК САЙ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-ноябры №29
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн балансында турган Үч-Дөбө айылындагы жана Керме-Тоо участкасындагы эки насостук бекетин, бир скважинасын Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөруп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылында жана Керме-Тоо участкасында жашаган жарандарга суугат сууну өз убагында камсыз кылуу максатында, айыл өкмөтүнүн балансында турган Үч-Дөбө айылындагы жана Керме-Тоо участкасындагы эки насостук бекетин, бир скважинасын Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү максатында, Ак-Сай айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн балансында турган Үч-Дөбө айылындагы № 1 насостук бекети жалпы суммасы 1 158 590 сомдук, Керме-Тоо участкасындагы № 2 насостук бекети жалпы суммасы 1 616 139 сомдук жана бир скважинасы жалпы суммасы 8 948 824,04 сомдук 2 (эки) насостук бекеттер, 1 (бир) скважина Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын балансына бардык жабдыктары менен акысыз өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Талиев |