Загрузка документа…
АК САЙ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-ноябры №32
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай жана Үч-Дөбө айылдарынын Капчыгай, Керме-Тоо участкаларындагы “Капчыгай”, “Керме-Тоо” балдар бакчаларын ачууга макулдук берүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай жана Үч-Дөбө айылдарынын Капчыгай, Керме-Тоо участкаларындагы жашоочулардын жашоо шартын эске алып, мектеп жашына чейинки балдардын татыктуу тарбия алуусуна шарт түзүү максатында, Капчыгай, Керме-Тоо участкаларында жаңыдан курулган балдар бакчаларын ачууга макулдук берүү үчүн, Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай жана Үч-Дөбө айылдарынын Капчыгай, Керме-Тоо участкаларындагы муниципалдык балдар бакчалары толук күндүү тайпалары менен ачууга макулдук берилсин.
2. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай жана Үч-Дөбө айылдарынын Капчыгай, Керме-Тоо участкаларындагы, муниципалдык балдар бакчаларынын штаттык бирдиктерин чечип берүү жагы Баткен райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Талиев |