Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-октябры №24/8
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарлыгы менен чек арада жайгашкан айыл статусун алган Ак-Кыя айылындагы чек ара постуна колдоо көрсөтүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарлыгы менен чек арада жайгашкан айыл статусун алган Ак-Кыя айылындагы чек ара постуна колдоо көрсөтүү максатында каражат бөлүнсүн.
2. Кетүүчү каражатты аныктап каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Тажибаевага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Көтөрмө айыл аймагынын айыл Кеңешинин төрагасы: | Айтмат уулу Акжол |