Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-сентябры №19
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жалгыз бой кароосуз карыяларга, майыптарга камкордук көрүү боюнча Самаркандек айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адистеринин жүргүзүлгөн иштери жөнүндө
Самаркандек айылдык кеңешинин социалдык маданий, комуналдык чарба,спорт боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Таабалдиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Самаркандек айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Самаркандек айыл өкмөтүнүн аз камсыз болгон үй- бүлөлөргө, жалгыз бой кароосуз карыяларга, майыптарга камкордук көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2.Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө,жалгыз бой кароосуз карыяларга,майыптарга камкордук көрүү боюнча системалуу иш алып баруу жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маданий, коммуналдык чарба,спорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сессиянын төрагасы: | М. Туллаев |