Загрузка документа…
АК МУЗ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-августу №40 /2
Суу топтоочу жайга бөлүнө турган жайыт жер аянттарын трансформациялоого сунуш берүү жөнүндө
Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын 13.06. 2019-жылдагы № 34, 16.07.2019-жылдагы № 39 аныктамаларына ылайык Ак-Муз айылынын № 405 контурунан 0,5 га жайыт аянтын, № 903 контурунан 0,5 га таштак жайыт аянтын, № 413 контурунан 1,5 га жайыт аянтын трансформацияга сунуш кылууга , Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын 13.06. 2019-жылдагы № 34, 16.07.2019-жылдагы № 39 аныктамаларына ылайык Ак-Муз айылынын № 405 контурунан 0,5 га жайыт аянтын, № 903 контурунан 0,5 га таштак жайыт аянтын, № 413 контурунан 1,5 га жайыт аянтын трансформацияга сунуш кылынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak- muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке милдеттендирилсин.
Төрага: | У. Мокешов |