Загрузка документа…
АК МУЗ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-августу №40 /3
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинин 70111 бөлүгүнүн 3111 статьясынан үном болуп калган 2 532,4 (эки миллион беш жүз отуз эки миң төрт жүз) сом акча каражатын ичинен 183,0 (бир жүз сексен үч миң) сом акча каражатын 2215 статьясына которуу жөнүндө
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинин 70111 бөлүгүнүн 3111 статьясынан үнөм болуп калган 2 532,4 (эки миллион беш жүз отуз эки миң төрт жүз) сом акча каражатын ичинен 183,0 (бир жүз сексен үч миң) сом акча каражатын 2215 статьясына которулсун;
2. 2215 статьясына которулган 183,0 (бир жүз сексен үч миң) сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
100,0 (бир жүз миң) сом таза сууну жакшыртууга;
60,0 (алтымыш миң) сом муниципалдык ишканага;
15,0 (он беш мин) сом “Босого” участкасына тосмо уюштурууга;
8,0 (сегиз миң) сом жайыт комитетине раскол үчүн;
3. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинин 70111 бөлүгүнүн 3111 статьясынан 31113390 элементинен үнөм болуп калган 2 532,4 (эки миллион беш жүз отуз эки миң төрт жүз) сом акча каражатын ичинен 489,0 (төрт жүз сексен тогуз миң) сом акча каражаты “Кайырма” канаалына сооружение курууга бөлүнүп берилсин;
4.Бөлүнгөн акча каражаты атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка которуу боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.
6. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. Ak muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага: | У. Мокешов |