Загрузка документа…
АК МУЗ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-августу №40 /4
Ак-Муз айылынын ардактуу атуулу наамын берүү жөнүндө.
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңештин төрагасы У. Мокешов билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айылынын тургундары Осмонов Конокалыга, Абдылдаев Болотбек Бексултановичке Ак-Муз айылынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары У. Мокешовго тапшырылсын.
Төрага: | У. Мокешов |