Загрузка документа…
АК МУЗ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-августу №40 /5
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-2022-жылдарга долбоор сметасын бекитүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-2022-жылдарга долбоор сметасын бекитүү жөнүндө айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Т. Жумакадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин мыйзамдарына ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүңүн жергиликтүү бюджетинин 2020-2022-жылдарга карата долбоор сметасы болжолдуу төмөндөгүдөй бекитилсин:
-2020-жылга жергиликтүү киреше 4 263,4 (төрт миллион эки жүз алтымыш үч миң төрт жүз) сом, теңдештирилген грант 9 034,7 (тогуз миллион отуз төрт миң жети жүз) сом, баардыгы 13 298,1 (он үч миллион эки жүз токсон сегиз миң бир жуз жүз) сомго.
-2021-жылга жергиликтүү киреше 4 412,0 (төрт миллион төрт жүз он эки миң) сом, теңдештирилген грант 8 771,8 (сегиз миллион жети жүз жетимиш бир миң сегиз жүз) сом, баардыгы 13 183,8 (он үч миллион бир жүз сексен үч миң сегиз жүз) сомго.
-2022-жылга жергиликтүү киреше 4 567,4 (төрт миллион беш жүз алтымыш жети миң төрт жүз) сом, теңдештирилген грант 9 031,7 (тогуз миллион отуз бир миң жети жүз) сом, баардыгы 13 599,1 (он үч миллион беш жүз токсон тогуз миң бир жүз) сомго.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул болжолдуу бекитилген сметага ылайык КР “Бюджеттик кодекси” мыйзамынын негизинде иш алып баруу жагы Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүң башчысы Т. Жумакадыровго тапшырылсын.
Төрага: | У. Мокешов |