Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-октябры № 105
Шаардык мэриянын 2019-жылдын 1-октябрындагы №01-12/01-1328 чыгыш сандуу “Сүлүктү тазасууканал” муниципалдык ишканасынын директору кызмат ордуна Ырысов Канатбек Анарбаевичти дайындоого макулдук берүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтуу сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 3-4 пунктунун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Сүлүктү Тазасууканал” муниципалдык ишканасынын директору кызмат ордуна Ырысов Канатбек Анарбаевичти дайындоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтуу сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
| К. Исмаилов |