Загрузка документа…
АК МУЗ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-августу №40 /6
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адис кызмат ордун, штаттык бирдигин, сметасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы № 145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы № 715 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде Ак-Муз айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адисинин ыйгарым укуктарын Ат-Башы райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндөгү келишимин бекитүүнү угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы № 145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы № 715 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде Ак-Муз айыл өкмөтүнүн келишими бекитилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жумакадыровго тапшырылсын.
Төрага: | У. Мокешов |