Загрузка документа…
АК МУЗ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-октябры №41/1
Ак-Муз айылдык Кеңештин 25-декабрь 2018-жылдагы № 31/1 токтому менен бекитилген Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын төрагасы Б. Мамырбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айылдык Кеңештин 25-декабрь 2018-жылдагы № 31/1 токтому менен бекитилген Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-Б. Мамырбаев-комиссиянын төрагасы, айылдык Кеңештин депутаты;
-Н. Абдыраев-комиссиянын катчысы, айыл өкмөтүнүн башкы адиси;
-А. Алымбаева-комиссиянын мүчөсү, айыл өкмөтүнүн адис;
-А. Төлөмүшов-комиссиянын мүчөсү, айылдык Кеңештин депутаты;
-А. Календеров- комиссиянын мүчөсү, айылдык Кеңештин депутаты;
-Н. Чороева-комиссиянын мүчөсү, айыл тургуну;
-Н. Тилекматов-комиссия мүчөсү, айыл тургуну;
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak- muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке милдеттендирилсин.
Төрага: | У. Мокешов |