Загрузка документа…
АК МУЗ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-октябры №41/4
Ак-Муз айыл аймагынын “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасынын 2019-жылдын 9-айына аткарган ишинин отчетту жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасынын директору Б. Алияскаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасынын 2019-жылдын 9-айда аткарган иши канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Айыл аймагында аткарган иштерин жогору баалап “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасынын директору Б. Алияскаров, бухгалтери С. Жумамүдунов, тракторист Каныбек уулу Улан Ак-Муз айылдык Кеңештин “Ардак громотасы” менен сыйлансын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak- muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке милдеттендирилсин.
Төрага: | У. Мокешов |