Загрузка документа…
АК МУЗ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-октябры №41/6
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен социалдык тармакка бөлүнгөн акча каражатынан социалдык жактан жардамга муктаж, турмуш шарты начар айыл тургунуна акча каражат бөлүү жөнүндө
Ак-Муз айылдык Кеңештин төрагасы У. Мокешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен социалдык тармакка бөлүнгөн 400,0 (төрт жүз миң) сом акча каражатын ичинен Ак-Муз айылынын социалдык жактан жардамга муктаж, турмуш шарты начар Молдосариев Насирдинге 30,0 (отуз мин) сом жардам берилсин;
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага: | У. Мокешов |