Загрузка документа…
АК МУЗ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-октябры №41/7
Ак- Муз айылынын тургундарынын 2019- жылы дан эгинге айдалган арпадан чөпкө чабылып кеткени боюнча
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жер жана турак боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Каскановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019- жылы дан эгинге айдалган 58 (элүү сегиз) гектар арпа жай мезгили жаанчыл болуп бышпай калгандыктан чөпкө чабылганы аныкталсын.
2. Чөпкө чабылган 58 (элүү сегиз) гектар арпаны отчеттон чыгаруу жагы райондук мамлекеттик статистка бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak- muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай жетектөөчү адиси Э. Алымкуловго тапшырылсын.
Төрага: | У. Мокешов |