Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-октябры № 106
Сүлүктү шаардык мэриясынын 2019-жылдын 10-октябрындагы № 02-12/01-1367 чыгыш сандуу Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 3111 беренесинен шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2224 беренесине акча каражатын жылдыруу жөнүндөгү каты тууралуу шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 3111 беренесинен 1770,0 (бир млн жети жүз жетимиш миӊ) сом акча каражаты Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2224 көмүр сатып алуу беренесине жылдырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А.Келдибековго жүктөлсүн
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
| К. Исмаилов |