Загрузка документа…
АК МУЗ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-октябры №41/10
Ак-Муз айыл аймагынын жер аянттарын пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-беренесинин 6 пунктуна, Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын 25-сентябрь 2019-жылдагы № 08-975 сандуу катына ылайык, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын катаал климаттык шарттын эске алып, жер аянттарын пайдлангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасы өзгөрүүсүз калтырылсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага: | У. Мокешов |