Загрузка документа…
АК МУЗ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-октябры №41/12
Ак-Муз айылынын орто мектебинин, ооруканасынын алмашылган терезелери жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айылынын орто мектебинин, ооруканасынын жаңы алмашылган терезелери айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын. Эски терезелер айылдын социалдык жактан жардамга муктаж жарандарына берилсин.
2. Ак-Муз айылынын орто мектебинин, ооруканасынын жаңы терезелерин тактап айыл өкмөтүнүн балансынан кабыл алуу жана эски терезелерди тактап айылдын социалдык жактан жардамга муктаж жарандарына таратуу айыл аймагынын материалдык баалуулуктарды тактоо боюнча комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адисине тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары У. Мокешовго тапшырылсын.
Төрага: | У. Мокешов |