Загрузка документа…
АК МУЗ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-октябры №41/13
Ак-Муз айыл аймагынын С. Исраилов атындагы бала бакчанын башчысынын кайрылуусу жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын С. Исраилов атындагы бала бакчанын башчысы Г. Кыргызбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бала бакчага теплица салуу үчүн бөлүнгөн 120,0 (бир жүз жыйырма миң) сом акча каражаты жана ПРООН тарабынан теплица салууга келген курулуш материалдары бала бакчага азык түлүк жана инвентар сактоочу жай салууга которулсун.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары У. Мокешовго тапшырылсын.
Төрага: | У. Мокешов |