Загрузка документа…
АК МУЗ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-октябры №42/2
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт жерлеринен жайыттан башка максаттарга пайдалангандар үчүн жайыт акы бекитүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Султанбек уулу Саматтын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын жайыт жерлеринен жайыттан башка максаттарга пайдаланууга төмөндөгүдөй жайыт акы бекитилсин:
-Дары чөп чогулткандар бир сотых жер аянты үчүн 15 сомдон;
-Ат оюндарын өткөрүү үчүн бир сотых жер аянты үчүн 3 сомдон;
-Эс алуу жайын ачууга бир сотых жер аянты үчүн 100 сомдон;
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага: | У. Мокешов |