Загрузка документа…
АК МУЗ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-октябры №42/3
Ак-Муз айыл аймагынын “Өмүкө” каналына жаңы салынган көпүрөгө ат берүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасынын директору Б. Алияскаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын “Өмүкө” каналына жаңы салынган көпүрөгө Кадыров Убалийдин аты берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak- muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага: | У. Мокешов |