Загрузка документа…
АК МУЗ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-ноябры №44/1
Ак-Муз айыл өкмөтүнө үй тазалагыч алуу жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жумакадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнө үй тазалагыч алынсын, алынган үй тазалагыч айыл өкмөтүнүн конторасын, маданият үйүн, айылдык китепкананы тазаласын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak- muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага: | У. Мокешов |