Загрузка документа…
КАРА СУУ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-ноябры №6/1
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен жана калдык акча каражатынан жыл ичинде пайдаланылбай калган жана тендерден үнөм болгон акча каражаттарды зарыл болгон жетишсиз статьяларга жылдыруу жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Барыктабасовдун маалыматынын негизинде айылдык кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 6-кезексиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен жана калдык акча каражатынан жыл ичинде пайдаланылбай калган жана тендерден үнөм болгон каражаттар:
- Башкаруу аппаратынан пайдаланылбай калган жана тендерден үнөм болгон 1 737,9 миң сом акча каражаты;
- Маданият тармагынан пайдаланылбай калган жана тендерден үнөм болгон 18,3 миң сом;
- Китепкананын пайдаланылбай калган жана үнөм болгон 36,4 миң сом акча каражаты;
- Билим берүү тармагынын бала бакчасынан пайдаланылбай калган жана тендерден үнөм болгон 219,9 миң сом акча каражаты;
- Мектептердин пайдаланылбай калган жана тендерден үнөм болгон 1 175,1 миң сом акча каражаты;
- Атайын каражаттан жыл ичинде пайдаланылбай калган жана тендерден үнөм болгон каражаттар
- Маданият тармагынан пайдаланылбай жана тендерден үнөм болгон 17,1 миң сом;
Жалпы: 3 204,7 миң сом
Башкаруу аппаратына- 125,1 миң сом
Билим берүү тармагына- 85,0 миң сом
Таш-Рабат кароолчусуна сый акы- 25,0 миң сом
Техника алууга- 2 969,6 миң сом
Жалпы: 3 204,7 миң сом жогорудагыдай чыгымдалсын:
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Дөөлөтбаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын
Төрага: | Ж.Иманкулов |
|