Загрузка документа…
КАРА СУУ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-декабры №7/2
Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун 20.11.2019-жыл № 02-4/191 сандуу катын кароо жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары Департаментине караштуу Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун 20.11.2019-жылдагы № 02-4/191 сандуу катынын негизиндеги Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 27.06.2008-жылдагы №29 сандуу токтому жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин 7-кезексиз сессиясы \
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 27.06.2008-жылдагы №29 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Чатыр-Көл көлүнүн көл баскан аянтынын жээгинен Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин 1989-жыл 31-мартындагы №101 Токтомунун негизинде такталган 1 км кургак жер аянты 1709 га Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун «өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы» деп бекитилсин.
3. Токтомго ылайык жерге ээлик кылуучу иш кагаздарына толуктоолорду каттоого алуу Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
4. Бул токтом менен Кара-Суу айыл аймагындагы бардык чарба жүргүзүүчү субьектилер, айыл тургундары тааныштырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы К.Барыктабасовго тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Иманкулов |
|