Загрузка документа…
КАРА СУУ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-декабры №7/4
Кара-Суу айыл аймагындагы Кара-Талаа участкасындагы жер аянтынан суу жетпей калгандыктан түшүм алынбай калгандыгын белгилөө жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин 7-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Талаа участкасындагы 73,0 га, анын ичинен 48,0 га сугат жер аянтынан 2019-жылы сугат суусу жетпей калгандыктан эч кандай тоют алынбай калгандыгы белгиленсин.
2. Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Талаа участкасындагы 73,0 га, анын ичинен 48,0 га сугат жер аянтынан тоют жыйналбагандыгына байланыштуу статистикалык отчеттон чыгаруу Ат-Башы райондук статистика бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн статист-экономисти Т.Бабиевге тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Иманкулов |
|