Загрузка документа…
КАРА СУУ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-декабры №7/5
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин 70111 бөлүгүнүн 3112 статьясынан 2 382 900 (эки миллион үч жүз сексен эки миң тогуз жүз) сом пайдаланылбай калгандыктан зарыл болгон бөлүктөрдүн жетишсиз статьяларына которуу жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Барыктабасовдун маалыматынын негизинде айылдык кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 7-кезексиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин 70111 бөлүгүнүн 3112 статьясынан 2 382 900 (эки миллион үч жүз сексен эки миң тогуз жүз) сом пайдаланылбай калгандыктан зарыл болгон бөлүктөрдүн жетишсиз статьяларына которулсун:
Башкаруу аппаратына- 1787,0 миң сом
Билим берүү тармагына- 556,2 миң сом
ЖПБ не- 39,7
Жалпы: 2382,9 миң сом жогорудагыдай чыгымдалсын:
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Дөөлөтбаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын
Төрага: | Ж.Иманкулов |
|