Загрузка документа…
КАРА СУУ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры № 8/2
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылындагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн долбоордун өздүк салымына акча каражатын карап берүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Барыктабасовдун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө үлүштүк грантка жазылган долбоордун жалпы наркы 3 470 211 (үч миллион төрт жүз жетимиш миң эки жүз он бир) сомду түзүп, бул сумманын 470 250 (төрт жүз жетимиш миң эки жуз элүү) сом акча каражатын айыл өкмөттүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү керек деген маалыматынын негизинде Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин 8-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин 470 250 (төрт жүз жетимиш миң эки жүз элүү) сом акча каражаты өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
2. Өздүк салымга берилген акча каражатын өз убагында келишимдин негизинде тиешелүү жерге которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Дөөлөтбаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы К.Барыктабасовго тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Иманкулов |
|