Загрузка документа…
ТАШ КӨМҮР ШААРдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06 декабры №3
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2018-2019-окуу жыл ичинде аткарган иштери жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражаттардын пайдаланышы тууралуу отчету
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2018-2019-окуу жыл ичинде аткарган иштери жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражаттардын пайдаланышы тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Т.Шабдановдун отчетун угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 18 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2018-2019-окуу жыл ичинде аткарган иштери жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражаттардын пайдаланышы тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Т.Шабдановдун отчету канааттандырарлык деп белгиленсин. .
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Социалдык маселелер» боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.Юлдашев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы: | С. Кудайбердиев |
|