Загрузка документа…
ТАШ КӨМҮР ШААРдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06 декабры №8
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшү Таш-Көмүр шаарынын 2017-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгында бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчеттун жана жазма буйруктун көчүрмөсүн кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшү Таш-Көмүр шаарынын 2017-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгында бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчеттун жана жазма буйруктун көчүрмөсүн кароо боюнча шаардык Кеңештин алдындагы «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Н.Боруевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX- чакырылышынын кезектеги 18 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшү Таш-Көмүр шаарынын 2017-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгында бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчеттун жана жазма буйруктун көчүрмөсүн кароо боюнча шаардык Кеңештин алдындагы «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Н.Боруевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшү Таш-Көмүр шаарынын 2017-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгында бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчеттун жана жазма буйруктун көчүрмөсүндө көрсөтългөн кемчилдиктерди жоюу жана мындан ары мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча иш алып баруу жагы шаардык мэрияга жана КРФМинин Таш-Көмър шаарындагы башкармалыгына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына (М.Кулдышев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы: | С. Кудайбердиев |
|