Загрузка документа…
ТАШ КӨМҮР ШААРдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06 декабры №11
Шаардык мэриянын 14.11.2019-жылдагы “Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан жана Польша Республикасынын Өкмөтүнөн келүүчү инвестицияны алардын шарттарына ылайык алууга макулдук берүү тууралуу” №01-14/1757 кайрылуу каты жөнүндө
Шаардык мэриянын 14.11.2019-жылдагы “Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан жана Польша Республикасынын Өкмөтүнөн келүүчү инвестицияны алардын шарттарына ылайык алууга макулдук берүү тууралуу” №01-14/1757 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Ке=ештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Райымжановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 18 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 14.11.2019-жылдагы “Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан жана Польша Республикасынын Өкмөтүнөн келүүчү инвестицияны алардын шарттарына ылайык алууга макулдук берүү тууралуу” №01-14/1757 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Ке=ештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Райымжановдун маалыматы эске алынсын.
2. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан жана Польша Республикасынын Өкмөтүнөн келүүчү инвестицияны алардын шарттарына ылайык алууга макулдук берилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы: | С. Кудайбердиев |
|